
.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кореянын айылдык коомчулуктарды өнүктүрүү корпорациясы (KRC) ортосунда стратегиялык кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду.
Документ Кыргызстандын айыл чарба секторун өнүктүрүү максатында корейдин алдыңкы тажрыйбасын жана технологияларын киргизүүгө багытталган. Кызматташтыктын негизги багыттары — ирригациялык системаларды модернизациялоо, жер жана суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, айылдык инфраструктураны өнүктүрүү жана «акылдуу айыл» долбоорлорун ишке ашыруу.
Бул өнөктөштүк Кыргызстандын 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга салым кошуп, Корея Республикасынан инвестицияларды жана гранттык жардамды (ODA) тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.





