
.
18–19–20–21-февраль күндөрү өлкөдөгү агроөнөр жай тармагы үчүн эң маанилүү иш-чаралардын бири — «АгроДиалог–2026» агроөнөр жай форуму өтөт. Форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы аныкталып, 20 өсүмдүк өстүрүү жана 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпион тандалат. Иш-чарага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн агрардык тармактын алдыңкы эксперттери, ошондой эле тажрыйбалуу дыйкан-фермерлер катышат. Форумдун жүрүшүндө айыл чарба чемпиондору ийгиликке жетүү жолдору, заманбап ыкмалар жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форумдун негизги бөлүгү 18–19–20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт.Ал эми жыйынтыктоочу салтанат 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулат. Форумдун алкагында ар бир багыт боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу иш-чарада сыйланышат. Ошондой эле форум агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга, бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, ишкерлер үчүн продукциясын өнүктүрүүгө жана экспортко чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. «АгроДиалог–2026» форумунун күн тартиби: 18-февраль — өсүмдүк өстүрүү багыты; 19-февраль — мал чарбачылыгы; 20-февраль — кайра иштетүү жана экспорт маселелери; 21-февраль — жыйынтыктоочу салтанат.







