
Жарандык активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө тилкаттын негизинде абактан бошотулду
Жарандык активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө тилкаттын негизинде абактан бошотулду. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди.
Адвокат Жаныш Бараковдун айтымында, бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча отурум 31-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн. Сот Теңизбайды тергөө бүткөнгө чейин башка жакка кетпөө тилкатынын негизинде бошоткон.
Айбек Теңизбай 11-декабрда УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат анын социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдү системалуу жарыялап келгенин билдирген. 12-декабрда Биринчи май райондук сот аны эки айга тергөө абагына камакка алган.
Активист сотто максаттуу түрдө улут аралык кастыкты козутпаганын белгилеген. Адвокаты электрондук көзөмөл менен бошотуу өтүнүчүн берген. Кылмыш иши КЖКнын 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу”) боюнча козголгон.
31 жаштагы Теңизбай магистрдик окуусун Түркияда аяктаган жана президенттик аппарат менен парламентте иштеген. Ал социалдык тармактарда бийликти сындап, өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу пикирлерин активдүү билдирип келет.



