
Медицина кызматкерлерине 5 миң ипотекалык батир кезексиз берилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди
Медицина кызматкерлерине 5 миң ипотекалык батир кезексиз берилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди.
Ал 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин эмгек акысы 100%га жогорулатыларын кошумчалады.
Министрдин айтымында, бул чаралар медицина кызматкерлеринин социалдык корголушун бекемдөөгө, кадрларды сактап калууга жана кесиптин аброюн көтөрүүгө багытталган.