
Мурдагы имарат 1906-жылы курулган жана пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган эле. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуп башталып, бүткөрүлдү. Жаңы мектеп-интернаты 100 окуучуга ылайыкталган. Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство та
Мурдагы имарат 1906-жылы курулган жана пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган эле.
Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуп башталып, бүткөрүлдү. Жаңы мектеп-интернаты 100 окуучуга ылайыкталган.
Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт.



