
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен сыйлыктарды жана наамдарды берүү боюнча мароторий жарыяланды. Албетте, бул убактылуу болсо дагы (2026-жылдын 1-январына чейин) көптөн бери үмүттөндүрүлүп келген маңдай тери менен иштеген адамдар үчүн күтүүсүздүк болду. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык республиканын ар кыл тармагында иштеген адамдар сыйланууга, наам алууга укуктуу, бул моралдык колдоо болуп саналат.Сыйлануучуларды жердешчилигине, бийлигине, байлыгына жана
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен сыйлыктарды жана наамдарды берүү боюнча мароторий жарыяланды. Албетте, бул убактылуу болсо дагы (2026-жылдын 1-январына чейин) көптөн бери үмүттөндүрүлүп келген маңдай тери менен иштеген адамдар үчүн күтүүсүздүк болду. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык республиканын ар кыл тармагында иштеген адамдар сыйланууга, наам алууга укуктуу, бул моралдык колдоо болуп саналат.Сыйлануучуларды жердешчилигине, бийлигине, байлыгына жана тааныштыгына карата чечпей, маңдай тери менен мамлекетке эмгеги сиңген, коомчулукка кеңири белгилүү ар кыл кесиптеги адамдарды сыйлоо керек. Ар кандай кийлигишүүлөрдөн кийин тажрыйбалуу, көп жылдар жакшы иштеген адамдар четке сүрүлүп, айрым учурларда татыксыздар сыйлык, наам алып келе жатканын коомчулук жакшы билет. Албетте, сыйлоо жана наам берүү системасын реформалоо керек. Бирок, ал кабинетте чечилбей, жалпы коомчулуктун катышуусу жана талкуусу менен болушу зарыл. Ар кимди Президент эмгегине жараша бааласа… Президентти адаштырууга, аны жаман көрсөтүүгө барбаш керек. Президент дагы Эмгек, эмгек жана эмгек деген ураанды алдыга коюп, чоң ийгиликтерди жаратып жатат. Ушундай учурда Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгын майрамдоого аз күндөр калды. Майрамга карата Жарлыкка ылайык сыйлоо болот. Ошол сыйлоодо сыйлыктарды, наамдарды эмгеги менен баалап, татыктуулардын татыктуулары алса деген жакшы тилек бар.



