
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги УКМК тарабынан кармалган кызматкерлер боюнча комментарий берди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалган кызматкерлерге байланыштуу билдирүү таратты. Мекеме билдиргендей, тергөө ишинин кызыкчылыгын эске алуу менен учурда окуянын жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда […]
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги УКМК тарабынан кармалган кызматкерлер боюнча комментарий берди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалган кызматкерлерге байланыштуу билдирүү таратты.
Мекеме билдиргендей, тергөө ишинин кызыкчылыгын эске алуу менен учурда окуянын жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда министрлик кызматкерлери өз милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайыма аракет кылып келишкенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, УКМКнын маалыматына ылайык, ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү адамдар кармалган: министрдин орун басары Самат Насирдинов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Улугбек Кожобергенов, министрликтин бөлүм башчысы (М.Э.У.), Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы (Н.У.Б.) жана мал-жандыктын экспортунда ортомчулук кылган делген жарандар.Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандарга мал-жандыкты чет өлкөгө сатуу боюнча квоталарды жеке тааныштарына берип, коррупциялык схема түзгөн деген шек тагылып жатат. Натыйжада 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Бул көрүнүш эттин баасынын жогорулашына алып келген.
Азырынча шектүүлөрдүн жакындары жана алардын адвокаттары тарабынан расмий комментарий бериле элек.
Эске салсак, өлкөдө эт баасынын кескин өсүшүнө байланыштуу 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, мал-жандыктын сыртка чыгарылышы убактылуу токтотулган.



