
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген форматтагы кезектеги жыйыны башталды. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Армениянын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда. Белгилей кетсек, кеңештин тар форматтагы жыйыны кечээ, 14-августта өткөн. Күн тартибине 20 маселе киргизилген. Ошондой эле өкмөттөр аралык […]
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген форматтагы кезектеги жыйыны башталды.
Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия, Армениянын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда.
Белгилей кетсек, кеңештин тар форматтагы жыйыны кечээ, 14-августта өткөн. Күн тартибине 20 маселе киргизилген.
Ошондой эле өкмөттөр аралык кеңеште жалпы биржалык товар рыногунда биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитүү, 2024-2026-жылдарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макулдашылган транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланат деп пландалууда



