
Өлкөдө бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткандай эле, жол тармагында дагы мыкты өзгөрүүлөр болууда. Соңку жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун алкагында бир катар маанилүү жолдор асфальтталып, көпүрөлөр жана жол белгилери жаңыланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өзгөчө тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактардагы жолдордун оңдолушу, жергиликтүү тургундар үчүн чоң жеңилдик […]
Өлкөдө бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткандай эле, жол тармагында дагы мыкты өзгөрүүлөр болууда. Соңку жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун алкагында бир катар маанилүү жолдор асфальтталып, көпүрөлөр жана жол белгилери жаңыланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өзгөчө тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактардагы жолдордун оңдолушу, жергиликтүү тургундар үчүн чоң жеңилдик болууда.

Айрыкча, стратегиялық мааниге ээ болгон ички жана эл аралык транспорт жолдорунун сапатын жакшыртуу багытында ири иштер аткарылып жатат. Жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо аркылуу аймактар ортосундагы байланыш күчөп, калктын жүрүп-туруу мүмкүнчүлүгү жакшырды. Бул өзгөрүүлөр элдин жашоосуна түздөн-түз таасир берип, экономикалык өнүгүүгө да түрткү болууда.


Жол тармагына башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулуп, үстүбүздөгү жылы жалпы 1152,6 чакырым жол оңдоо пландалды. Анын ичинен 1 миң чакырымга асфальт төшөө жана оңдоо иштери каралды.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча унаа жолдорунда 369,7 чакырым жолго асфальтбетон төшөлдү. Анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 81 чакырым, капиталдык салымдардын эсебинен 237,4 чакырым, ал эми инвестициялык долбоорлор боюнча 51,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Аткарылган жумуштардын көлөмү былтыркы 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу асфальт төшөө иштери 187,2 чакырымга же болбосо 2 эсеге көп жүргүзүлдү.
Министрликтин алдында бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулушу уланууда. Тагыраагы, Бишкек-Ош, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу, Бишкек — Кант, Бишкек — Күнтуу — Шопоков, Лебединовка –ГЭС 5, Арашан — Чуңкурчак, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Ош — Баткен — Раззаков, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Нарын — Баетов, Өзгɵн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа, Базар-Коргон – Арсланбап унаа жолдорунун курулуш иштери жүрүүдɵ.
Мындан тышкары, инвестициялык каржылоонун алкагында Түп — Кеген, Корумду – Балбай баатыр, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун реконструкциясы жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолун Дыйкан – Кызыл-Жылдыз участогунда жол куруу иштери уланууда. Ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолунун 400 чакырымындагы 748 метрди түзгɵн туннелдин курулушуна старт берилип, даярдык иштери жүрүп жатат.
Транспорт тармагында да бир катар маанилүү иштер аткарылды. Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти 2025-жылдын 6 айында лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 523 млн 534 миң сом киреше түштү. Бул 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу 450 млн 633 мин сомго кɵп түшкөн.
Азыркы учурда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун масштабдуу курулуш иштери башталды.
Жалпы узундугу 304,84 чакырым. Долбоордо 50 көпүрөнү, 29 туннелди куруу каралган. Көпүрөлөрдүн жана туннелдердин жалпы узундугу 119,69 чакырым. Коридор боюнча жалпысынан 3 ири туннелдин курулушу башталды, алардын ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат. Алар: Нарын №1, Кош-Дөбө, Фергана туннелдери.



