
Менин C5+1 Жаштар Кеңешиндеги жолум: жөнөкөй катышуучудан программалык координаторлукка чейин Менин атым Адина Рашидова. Бишкекте төрөлүп өскөм, бирок ата-тегим Оштон. 2022-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктадым. Ошол эле жылы менин профессионалдык жолум C5+1 Жаштар Кеңеши менен башталып, алгач бүтүрүүчүлөр координатору катары иштеп баштадым. 2023-жылы программалык координаторлук кызматка өттүм жана ушул күнгө чейин […]
Менин C5+1 Жаштар Кеңешиндеги жолум: жөнөкөй катышуучудан программалык координаторлукка чейин
Менин атым Адина Рашидова. Бишкекте төрөлүп өскөм, бирок ата-тегим Оштон. 2022-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктадым. Ошол эле жылы менин профессионалдык жолум C5+1 Жаштар Кеңеши менен башталып, алгач бүтүрүүчүлөр координатору катары иштеп баштадым. 2023-жылы программалык координаторлук кызматка өттүм жана ушул күнгө чейин бул долбоордо иштеп келем. Бул мен үчүн жөн гана жумуш эмес — өзүнчө бир чоң үй-бүлө болуп калды.


Кызыккан нерселерим:

Мен ар дайым саякаттоону кыялданчумун. Визуалдык контент жаратып, жеке архивге топтоп, бөлүшкөндү жакшы көрөм. Жаштар уюмунда иштөө бул кызыгуумду ого бетер тереңдетти: ар бир иш-чара — өзүнчө окуя, команда, идея жана эстен чыккыс учур.

Баары эмнеден башталган? Бир эле квизден — өз долбоорума чейин

Бул программа тууралуу биринчи жолу 2019-жылы квиз форматындагы иш-чарада катышуучу болуп жүрүп билдим. Ал жердеги атмосфера жана адамдар мага чоң таасир калтырды. Ошондон кийин 2021 жылы мүчө болууга арыз тапшыргам. Интервьюдан өтүп, ошол эле жылы расмий мүчө болуп тандалдым/
Кийин өзүмдүн долбоордук идеям колдоого алынып, Баткенде жаштар үчүн медиасабаттуулук жана тынчтык куруу боюнча алгачкы социалдык долбоорумду ишке ашырдым. Дал ошол учурдан тартып менин Жаштар Кеңешиндеги жолум башталган.
2022-жылы бүтүрүүчүлөр менен иштөөчү координатор кызматына орун ачылды. Мен анда университетте 4-курста окучумун. Өзүмдү сынап көрөйүн деп тапшырдым. Ошондон бери бул программада иштеп келем: адегенде мүчө болдум, кийин бүтүрүүчүлөр координатору, азыр болсо программалык координатор болуп иштейм. Бул күтүүсүз жана чыныгы карьералык өсүш болду.
Программа мага эмне берди? Жөн гана кесип эмес — инсан катары өсүү
Жаштар Кеңеши болбогондо, мен бүгүнкү деңгээлге жетмек эмесмин. Эсимде, алгачкы долбоорду ишке ашыра баштаганда чоң жоопкерчилик мени коркуткан. $5000 грант долбоорума каражат бөлүнгөндөн кийин: “Муну кантип ишке ашырам?” деген суроо менен жүрдүм. Бул долбоорду мен башка Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү менен бир топто ишке ашыргам. Бирок ошол учурда жанымда мени ишендирген жана колдогон координаторум Айпери Искакова болгон (азыр ошол ролдо өзүм иштейм). Азыркыга чейин жылуу мамиледебиз, жана мен ага чын жүрөктөн ыраазымын.
Бул 4 жыл ичинде (2021–2025) Кеңеш мага долбоор башкаруу, коммуникация, фасилитация жана менторлук сыяктуу көптөгөн көндүмдөрдү үйрөттү. Бул көндүмдөр теория эмес, чыныгы иш жүзүндөгү тажрыйба аркылуу алынган.
Мени курчаган команда — прогрессивдүү, креативдүү жана ишенимдүү жаштар. Көп түрдүү маданият, түшүнүк жана көз караштар менен иштөө мага ийкемдүү болуп, угуп түшүнгөндү үйрөттү. Бул программа аркылуу мен дүйнөнүн ар тарабындан келген эксперттер, ошондой эле АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен тааныштым жана азыр да алар менен байланыштамын — кеңеш берип, колдоп турушат.
Эл аралык деңгээлдеги кадам: C5+1 аркылуу Будапештке чейин
2025-жылдын июль айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эл аралык жайкы мектепке атайын конок катары чакырылдым. Ал жакта Гана, Зимбабве, АКШ, Бутан, Бангладеш, Мьянма жана Кыргызстандан келген студенттерге коммуникация, команда менен иштөө жана адаптивдүү лидерлик боюнча воркшоп өткөрдүм. Бул мен үчүн чоң кадам болду — анткени буга чейин негизинен Борбор Азия жана Ооганстандык жаштар менен гана иштеп келгем. Эл аралык аудиториянын алдында чыгып сүйлөө — бул өзүнчө жетишкендик жана баа жеткис тажрыйба болду. Бул сапар мага бир мүмкүнчүлүк адамды канчалык алыс алып кете аларын далилдеп берди. Эгер коркпой, жөн гана аракет кылып көрсөңүз — ал мүмкүнчүлүк бүт келечегиңизди өзгөртүп коюшу мүмкүн.
Жаштарга кеңеш — жүрөктөн чыккан сөздөр
Эгер бир гана кеңеш бере турган болсом, мен айтмакмын: коркпоңуз жана аракет кылыңыз. Мүмкүнчүлүк келсе — кармап калыңыз. Эгер коркуп жатсаңыз — демек, сиз азыр комфорт зонасынан чыгып, өзгөрүүгө жакындап калдыңыз. Дал ошол жерден чыныгы өсүү башталат. “Эми болбой калсачы?” деп өзүнүздү артка тартпаңыз. Мен дайым айтып келем: «Жасабай калганыңа өмүр бою өкүнгөндөн көрө, жасап алып өкүнгөн жакшы.» Стажировкага, долбоорго, семинарга же ыктыярчылык ишке тапшырыңыз — өзүңүздү сынап көрүңүз. Кээде жөн гана туура учурда жазылган бир анкета — бүт келечегиңизди өзгөртүп коёт. Өзүңүздү өнүктүрүңүз, дүйнөнү таанып-билиңиз, шыктандырган адамдар менен байланышта болуңуз. Коомдук жана ыктыярчылыкдолбоорлор — бул убактылуу иш эмес, бул өзүңүзгө жасаган инвестиция. Алар сизге тажрыйба, жаңы көндүмдөр, пайдалуу чөйрө жана — ким билет — балким, карьералык тепкичке да жол ача алат.
_________________________________________________________________________
C5+1 Жаштар Кеңеши деген эмне? Долбоор ким тарабынан уюштурулган?
C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул кеңеш — Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандагы жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн ар түрдүү жана көп маданияттуу топ.
«С5+1» Жаштар кеңешинин максаты – Борбордук Азия боюнча активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн, «С5+1» программасынын артыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иш алып барган жаш лидерлердин регионалдык тармагын өнүктүрүү.
Кеңештин мүчөлөрү жана бүтүрүүчүлөрү C5+1 платформасынын тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар аралык байланыштар боюнча максаттарына ылайык келген жаштар жетектеген долбоорлорду ишке ашырышат.
2. Долбоор кимдерге багытталган жана кандай иш-чараларды уюштурат?
Долбоор негизинен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ооганстандагы жогорку окуу жайлардын студенттерине багытталган. Бул — көп маданияттуу, ар түрдүү фонго ээ, англис тилинде сүйлөгөн жаштардан түзүлгөн топ.
Жыл сайын ушул 6 өлкөдөн жаңы мүчөлөр ачык конкурс аркылуу тандалып алынат. Биринчи этап — анкета карап чыгуу, андан соң маектешүү (интервью) өтөт. Эң негизгиси — талапкердин улуттук ар түрдүүлүккө жана Жаштар Кеңешинин максаттарына болгон кызыгуусуна баа берилет.
Кеңештин ишмердүүлүгү жаштардын лидерлик сапаттарын жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды камтыйт. Алар көбүнчө англис тилинде жаштарга тренингдерди, семинарларды, форумдарды жана коомдук иш-чараларды уюштурушат. Мүчө жаштар «C5+1» платформасындагы темалар боюнча өз алдынча социалдык долбоорлорду иштеп чыгып, аларды өз өлкөлөрүндө жана регионалдык деңгээлде жүзөгө ашыра алышат.
3. Акыркы 1–2 жыл ичинде кандай иш-чаралар уюштурулду?
Акыркы 1–2 жыл ичинде адам укуктары, тынчтык жана коопсуздук, экономика жана экология багыттарында бир катар жаштар долбоорлору ишке ашырылды. Азыркы учурда Кеңештин алкагында бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын ичинен англис тилинде өткөн бир форумду белгилеп кетүүгө болот.
2025-жылдын июнь айында Ош шаарында «Адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү» темасында төрт күндүк регионалдык жаштар форуму уюштурулду. Бул форумга Кыргызстандын түштүк аймактарынан, Өзбекстандан жалпы 20 жаш жана ошондой эле 10дон ашык эксперттер катышты. Форумдун максаты — жаштар арасында маалымдуулукту жогорулатуу, мыйзамсыз миграция жана адам сатуу көйгөйлөрүнө каршы биргелешип иш алып баруу, ошондой эле региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болду.
Форумдун негизги жыйынтыктарынын бири — жаштарды адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө тартуу боюнча Жаштар декларациясынын кабыл алынышы болду. Төрт күндүн ичинде катышуучулар үч негизги багыт боюнча сунуштарды иштеп чыгышты:
каржылоо жана ресурстар,
медиа жана маалымдуулукту жогорулатуу,
Борбордук Азиядагы жаштардын чөлкөм аралык кызматташуусу.
Биздин долбоорго эксперт катары келген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Миграция жана адам сатууга каршы күрөш боюнча Катчылыктын өкүлү — Улан Ногойбаев — жаштардын сунуштарын саясат жүргүзүү процесстерине интеграциялоого даяр экендигин билдирди.



