
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Өз сөзүндө Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди. […]
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, курорт жылына эки миллионго чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны беш миңге жакын болот.
Президент долбоор жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн мекенинде иштеп калууга өбөлгөнүн, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болорун кошумчалады.



