
8-9-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстан Республикасында болот. Бул жолку сапарда жер кимдики экенин тактоо маселеси эмес, 1990-жылдардан бери жетишилбей келген алакаларды бекемдөө максатында сүйлөшүүлөр орун алат. Мындай пикирин саясат таануучу Тимур Саралаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мамлекеттер ортосундагы чек ара маселеси толугу менен чечилди. «Быйыл жазында Кыргызстан менен Тажикстан делимитация жана […]
8-9-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстан Республикасында болот. Бул жолку сапарда жер кимдики экенин тактоо маселеси эмес, 1990-жылдардан бери жетишилбей келген алакаларды бекемдөө максатында сүйлөшүүлөр орун алат. Мындай пикирин саясат таануучу Тимур Саралаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекеттер ортосундагы чек ара маселеси толугу менен чечилди.
«Быйыл жазында Кыргызстан менен Тажикстан делимитация жана демаркация боюнча жыйынтыктоочу документтерге кол коюшкан. Чек ара такталды, эми талаштуу жерлер жок. Оор техникалар чыгарылып, өткөрмө бекеттер кайра иштеп жатат. Эң негизгиси чек аранын эки тарабында жашаган эл мындан ары башкача жашоо болот деп үмүт кылууда. Чек ара мындан ары тынчсыздануунун жана коркуунун чек арасы эмес, биздин элдерибиздин ортосундагы кылымдар бою болуп келген достуктун, кызматташтыктын жана сооданын чек арасы болот деп ишенебиз.
Бул иштер өзүнөн-өзү эле чечилип калган жок. Бул саясий эрктин натыйжасы жана мында президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал мурункулар ондогон жылдар бою чече албай келген маселени чечүү үчүн тарыхый жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал татаал сүйлөшүүлөр, татаал компромисстер жана өз ара эпке келүү аркылуу чыр-чатакты токтото алды, талаштуу маселелерди бүтүрдү”, — деп белгиледи Т.Саралаев.
Эми кийинки кадам ынак коңшулук жашоого умтулуу.
Саясат таануучу белгилегендей, президент Жапаровдун Душанбеге мамлекеттик сапары учурунда тараптар сооданы өнүктүрүү, жолдорду куруу, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү боюнча негизги маселелерди талкуулайт. Экономикалык форум пландалууда, анда эки өлкөнүн ишкерлери узак убакыттан бери биринчи жолу түз сүйлөшкөнү жатат.
«Ошондой эле маданий программа да болот – ушунча жылдар бою болуп келген тынчсыздануулардан кийин биз эки өлкөнүн музыкасын угуп жатабыз. Албетте, алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар бар – экономикалык, инфраструктуралык, социалдык. Бирок азыр эки тарап тең алардын үстүнөн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдирип жатат. Ал эми убакыттын өтүшү менен бардык тармактарда кызматташтык өнүгөт деген ишеним бар. Эң негизгиси чек ара такталды, диалог калыбына келтирилди. Биринчи жолу туруктуу өнүгүүгө жана тынчтыкка реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду”, — деп жыйынтыктады саясат таануучу Тимур Саралаев.



