
2025-жылдын 3-июлунан 30-сентябрына чейин Бакай Банк бардык каалоочуларды «BakAi & Шоро менен Жай мезгили» аттуу жайкы акцияга катышууга чакырат. Акциянын алкагында катышуучулар сүйүктүү суусундуктарын сатып алып, соода жайларындагы Бакай Банктын QR-кодун сканерлеп, BakAi мобилдик тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөсө, сонун белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат — iPhone 16 Pro, AirPods жана банк даярдаган фирмалык азембелектер! […]
2025-жылдын 3-июлунан 30-сентябрына чейин Бакай Банк бардык каалоочуларды «BakAi & Шоро менен Жай мезгили» аттуу жайкы акцияга катышууга чакырат.
Акциянын алкагында катышуучулар сүйүктүү суусундуктарын сатып алып, соода жайларындагы Бакай Банктын QR-кодун сканерлеп, BakAi мобилдик тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөсө, сонун белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат
— iPhone 16 Pro, AirPods жана банк даярдаган фирмалык азембелектер!
Катышуу шарттары — абдан жөнөкөй!Бишкек шаарындагы куюп сатылган «Шоро» суусундуктарын 24 сомдон баштап сатып алып, BakAi мобилдик тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөсөңүз жетиштүү.
Ар бир сатып алуу үчүн сизге 1 «стаканчик» — балл ыйгарылат.
Күнүнө эң көп дегенде 3 балл чогултса болот.
Белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн бир ай ичинде кеминде 70 балл топтоо керек .Акция үч айга бөлүнөт
● Июль
● Август
● Сентябрь
Ар бир айда ойнотулуучу белектер
● 5 даана iPhone 16 Pro
● 50 даана AirPods кулакчындары
● 600 даана Bakai Bank'тын фирмалык азем белектери.
Ай ичинде эң көп баллды биринчи болуп топтогон катышуучулар жеңүүчү деп табылат. Жыйынтыктарды бардык катышуучулар «BakAi» мобилдик тиркемесинен көзөмөлдөй алышат: башкы бетте топтолгон «стаканчиктердин» саны көрсөтүлгөн атайын эсептегич жайгашкан. Бул функцияны көрүү үчүн тиркемени жаңыртуу керек.(BakAi’ды акыркы версиясына чейин жаңылоо үчүн — басыңыз)
Биз каржылык кызматтар ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу болуп, кубаныч тартуулоосун каалайбыз.
«BakAi & Шоро менен Жай мезгили» — бул ыңгайлуу төлөмдөр, сүйүктүү даамдар жана баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү.
«Шоро» ичип, BakAi тиркемесиндеги QR-код аркылуу төлөм жүргүзүп — жеңишке жетип, белек утуп алыңыз!
Ийгилик сизге жылмайсын!
Bakai Bank — чындап маанилүү нерселер үчүн.



