
Бүгүн, 20-июнда Чүй облусундагы «Ысык-Ата» курортуна жакын жайгашкан тоолуу аймакта сел жүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен ылай жана таштар жолго түшүп, унаа жолун каптаган. Натыйжада аймакта жол кыймылы кыйындаган. Окуя болгон жерде коомдук тартипти камсыздоо иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери айдоочуларга кооптуу тилкелерден өтүүгө жардам берип жатышат.
Бүгүн, 20-июнда Чүй облусундагы «Ысык-Ата» курортуна жакын жайгашкан тоолуу аймакта сел жүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен ылай жана таштар жолго түшүп, унаа жолун каптаган. Натыйжада аймакта жол кыймылы кыйындаган.
Окуя болгон жерде коомдук тартипти камсыздоо иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери айдоочуларга кооптуу тилкелерден өтүүгө жардам берип жатышат.




