
Кыргызстанда пробацияда 1300 адам бар. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын 1 миң 200ү электрондук көзөмөлгө алынган, анда электрондук билериктерден тышкары мобилдик тиркемелер да бар. “Пробациядагы жарандардын 80%ы мобилдик тиркемелерди колдонушат. Электрондук билерик — бул акыркы чара»,- деди ал. Депутат Элвира Сурабалдиева бул электрондук билериктин баасы канча экенин жана […]
Кыргызстанда пробацияда 1300 адам бар. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын 1 миң 200ү электрондук көзөмөлгө алынган, анда электрондук билериктерден тышкары мобилдик тиркемелер да бар.
“Пробациядагы жарандардын 80%ы мобилдик тиркемелерди колдонушат. Электрондук билерик — бул акыркы чара»,- деди ал.
Депутат Элвира Сурабалдиева бул электрондук билериктин баасы канча экенин жана чоң чыгымга алып келер-келбесин сурады.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, бүгүнкү күндө электрондук билериктин баасы 150 доллардын тегерегинде.



