
Индиядагы учак кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин КР жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында тийиштүү органдар менен [&hellip
Индиядагы учак кырсыгынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин КР жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында тийиштүү органдар менен байланышта болууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Индиянын Ахмедабад шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагы кыйраган. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсыктан 290го жакын адам каза болгон.



