
Бүгүн Бишкек шаарынын толугу менен реконструкциядан өткөн «Алга» спорттук комплекси салтанаттуу ачылат. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт. Ошондой эле иш-чара Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун алкагындагы «Алга» (Бишкек шаары) — «Барс» (Каракол шаары) футболдук клубдарынын беттеши жана комнцерттик программа менен коштолот. Концерттик программа саат 18:30да, ал эми оюндун старттык ышкыр
Бүгүн Бишкек шаарынын толугу менен реконструкциядан өткөн «Алга» спорттук комплекси салтанаттуу ачылат.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.
Ошондой эле иш-чара Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун алкагындагы «Алга» (Бишкек шаары) — «Барс» (Каракол шаары) футболдук клубдарынын беттеши жана комнцерттик программа менен коштолот.
Концерттик программа саат 18:30да, ал эми оюндун старттык ышкырыгы саат 20:30да жаңырат.
Белгилей кетсек, концертке белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздары катышат.



