
Ош шаарынын Черемушка кичи районунда 700 окуучуга ылайыкташкан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаттын жаңы имаратынын курулушу акыркы баскычка жетти. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди. Капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлчүсү Акылбек Акаевдин айтымында, курулуш иштери 20-июнга чейин бүтүп, мектепте футбол аянты, даараткана, тосмолор жана от кана сыяктуу объектилер жайгашкан. Мектеп-интернат 700 орунга эсептелип, анын ичинен 500 […]
Ош шаарынын Черемушка кичи районунда 700 окуучуга ылайыкташкан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаттын жаңы имаратынын курулушу акыркы баскычка жетти. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлчүсү Акылбек Акаевдин айтымында, курулуш иштери 20-июнга чейин бүтүп, мектепте футбол аянты, даараткана, тосмолор жана от кана сыяктуу объектилер жайгашкан. Мектеп-интернат 700 орунга эсептелип, анын ичинен 500 окуучу үчүн жатып окуу шарттары каралган.
Имаратта спорт залы, спорт аянтчалары, эс алуу багы жана санитардык бөлүмдөрдү камтыган бардык заманбап шарттар түзүлөт.



