
Бүгүн, 2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий биримдигине арналган эл аралык «Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги» форумунун расмий ачылышы болуп өттү. Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан биргеликте уюштурулган. Форум Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасын […]
Бүгүн, 2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий биримдигине арналган эл аралык «Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги» форумунун расмий ачылышы болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан биргеликте уюштурулган. Форум Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасын даңазалоого жана түрк элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Ачылыш аземге өлкөнүн көрүнүктүү илимпоздору, маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер, ошондой эле чет элдик коноктор жана изилдөөчүлөр катышты. Форумдун жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын түрк дүйнөсүнүн маданий өнүгүшүнө тийгизген таасири, анын жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалоодогу ролу жана адабияттын элдерди бириктирүүчү күчү талкууланды.

Бул форум түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданий биримдигин бекемдөөгө чоң салым кошот деп күтүлүүдө.






