
УКМК төрагасы менен ИИМдин жетекчиси президенттен тил укту. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна барганда билдирди. Ташиевдин айтымында, Садыр Жапаров үч күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суунун торлордон тазаланышын текшерген. Өлкө башчысы көл дагы деле тордон арылбай, ал тургай жаңылары пайда болгонуна кейигени айтылды. Ташиев ИИМдин жетекчиси менен чогуу президенттен тил укту. Бул тууралуу […]
УКМК төрагасы менен ИИМдин жетекчиси президенттен тил укту. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусуна барганда билдирди.

Ташиевдин айтымында, Садыр Жапаров үч күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суунун торлордон тазаланышын текшерген. Өлкө башчысы көл дагы деле тордон арылбай, ал тургай жаңылары пайда болгонуна кейигени айтылды.
Ташиев ИИМдин жетекчиси менен чогуу президенттен тил укту. Бул тууралуу УКМК төрагасы өзү билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров 3 күн мурун эч кимге айтпастан Ысык-Көлгө барып, суудагы торлордун тазаланышын текшерген. Өлкө башчысы көл дагы деле тордон арылбай, атургай жаңы торлор пайда болгонуна кейигени айтылды.
“Президент былтыр да текшерди эле, быйыл дагы өзү келип текшерип кетти. “Тор өтө көп, жаңы салынган торлорду алдым” деп кейиди”, — деди Ташиев.
Ал мындан ары укук коргоо органдарынын, айрыкча экологияны коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн айтты.



