
Түштүк Кореяда аскердик учак кыйрады. Бул тууралуу Коммерсант гезити “Рёнхап” агенттигине таянып жазды. Маалыматка караганда, кырсыкка аскер-деңиз күчтөрүнүн патрулдук учагы кабылган. Учак тоону барып сүзгөн. Бортто төрт адам болгон. Азырынча алардын абалы кандай экени айтыла элек. Кырсык Япон деңизинин жээгинде жайгашкан Пхохан шаарынын түштүк-чыгышында катталган. Күбөлөрдүн пикиринде, учак кулаган жерден түтүн чыккан. Кырсыктын келип чыгышына […]
Түштүк Кореяда аскердик учак кыйрады. Бул тууралуу Коммерсант гезити “Рёнхап” агенттигине таянып жазды.
Маалыматка караганда, кырсыкка аскер-деңиз күчтөрүнүн патрулдук учагы кабылган. Учак тоону барып сүзгөн. Бортто төрт адам болгон. Азырынча алардын абалы кандай экени айтыла элек.
Кырсык Япон деңизинин жээгинде жайгашкан Пхохан шаарынын түштүк-чыгышында катталган. Күбөлөрдүн пикиринде, учак кулаган жерден түтүн чыккан. Кырсыктын келип чыгышына эмне себеп болгону жөнүндө маалымат жок.




