
Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бөбөк катталганын тастыктады. Окуя тууралуу кечээ депутат Элдар Абакиров ЖК жыйынында айткан сон маалым болгон . Бул боюнча 12 адистен турган комиссия түзүлүп, министрлик төмөнкүлөрдү билдирди: бала 2020-жылы күйүк алып, дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 4,5 жылдан бери ар кайсы ооруканаларга кайрылып келген. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы 2024-жылы […]
Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бөбөк катталганын тастыктады. Окуя тууралуу кечээ депутат Элдар Абакиров ЖК жыйынында айткан сон маалым болгон .
Бул боюнча 12 адистен турган комиссия түзүлүп, министрлик төмөнкүлөрдү билдирди:
бала 2020-жылы күйүк алып, дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 4,5 жылдан бери ар кайсы ооруканаларга кайрылып келген. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы 2024-жылы аныкталган;
медициналык документтер, бала барган ооруканаларда колдонулган каражаттар текшерилген. Бөбөк менен байланышта болгон 600 адам текшерилип, ВИЧ эч кимден чыккан эмес;
тилекке каршы, 2020-жылы бөбөк менен кошо дарыланган беш бала пандемия маалында чарчап калгандыктан аларды текшерүүгө мүмкүн болгон эмес. Ошол эле маалда ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо алардын маалыматы жок;
комиссия ВИЧ-инфекция бөбөккө ийне сайган маалда дагы жугуп калышы мүмкүн деген божомолду койду.



