
Кыргызстанда миңдеген жаштар ата-энесинин кеңеши, айрым учурда мажбурлоосу менен чет жакка иштегени кетүүдө. Көпчүлүк учурда бул “убактылуу гана кет” деген сөздөр менен башталат. Бирок ошол “убактылуу” жылдарга айланып, тагдырга айланып кетет. 🧳 Ата-энелер баласын мигрант кылып жөнөтүп, үй салып кубанат.💵 Той өткөрүп, машина алышат.📦 Ал эми ошол бала — бөтөн жерде, түнү-түнү менен иштеп, тагдырын […]
Кыргызстанда миңдеген жаштар ата-энесинин кеңеши, айрым учурда мажбурлоосу менен чет жакка иштегени кетүүдө. Көпчүлүк учурда бул “убактылуу гана кет” деген сөздөр менен башталат. Бирок ошол “убактылуу” жылдарга айланып, тагдырга айланып кетет.

🧳 Ата-энелер баласын мигрант кылып жөнөтүп, үй салып кубанат.💵 Той өткөрүп, машина алышат.📦 Ал эми ошол бала — бөтөн жерде, түнү-түнү менен иштеп, тагдырын таштап коюп, өзүн жоготуп коёт.

Кээде баланын тилеги — билим алып, кесиптүү болуу. Бирок ата-эненин тилеги — акча жиберчү бирөө болуу.
📌 Мигрант — ар дайым үй-бүлөсү үчүн жашаган адам. Бирок кээде ошол үй-бүлө аны өз мүдөөсү үчүн колдонуп коюп жатканын байкабай калат.
Баласын мигрант кылып жөнөткөн ата-эне өзү деле аргасыз. Бирок аргасыздык менен баш ийүүнүн ортосунда чоң айырма бар.
Карыган ата-эне күтөт:— “Балабыз акча салып жатат.”А баласы болсо күн сайын күтөт:— “Мени бул жерден ким алып кетет?..”
Макаланын автору: практикант Султаналы уулу Алберт, КУУ, ЖжКИ, ИЖ 1-21 группасы



