
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев баштаган топ өлкө башчынын тапшырмасы менен менен Кытайдын Суар аймагына иш сапары менен жүрөт. Бул сапардын алкагында курулуш тармагына байланыштуу бир катар маанилүү жолугушууларды өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда. “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш тармагы динамикалуу өнүгүп жатат. Шаар куруу, инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүү, жолдорду салуу жана турак жай курулушу […]
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев баштаган топ өлкө башчынын тапшырмасы менен менен Кытайдын Суар аймагына иш сапары менен жүрөт. Бул сапардын алкагында курулуш тармагына байланыштуу бир катар маанилүү жолугушууларды өтүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш тармагы динамикалуу өнүгүп жатат. Шаар куруу, инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүү, жолдорду салуу жана турак жай курулушу активдүү жүрүп жатат. Ага байланыштуу айрым курулуш материалдары тартыш болгондуктан, Кытайдын курулуш материалдарын пайдаланууга кабыл алууну пландап жатабыз. Анын ичинде арматураны тийешелүү лабораториядан өткөрдүк, Курулуш министри Нурдан Орунтаев жана анын адистери чогуу келип текшерип жатышат. Натыйжалар талапка ылайык жана сапаттуу деп көрсөтүп жатат. Биз эми курулуш материалдарынын тартыштыгын жоебуз. Курулуш тармактагы өсүш эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүүнү, инновациялык ыкмаларды үйрөнүүнү жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Келечекте мекенибизде дагы темир өндүргөн жана кайра иштеткен ири заводдорду куруу планыбыз бар”, — деп билдирди Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.



