
Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, «Кыргыз темир жолу» ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму «Трансевразиялык маршрут» долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиле
Кыргызстанда үч миллиард долларга Макмал — Каракол темир жолун куруу пландалууда.Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, «Кыргыз темир жолу» ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциуму «Трансевразиялык маршрут» долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол койду.Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов бул өлкөдөгү темир жол тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор экенин белгиледи.«Жалпы инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллар. Долбоор өлкөдө жумуш орундарын түзүп, транспорттук тармакты жакшыртып, экономикалык пайда алып келет», — деди Иманов.Мындан тышкары, анын коңшу өлкөлөр менен байланыштарды бекемдеп, экономиканын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары кошумчаланды.



