
Кыргызстандан Манзура Жузуева Швецияда уюштурулган эл аралык күрөш турниринин жеңүүчүсү болду. «Klippan Lady Open» турнири 14-февралдан тарта 16-февралга чейин өттү. Манзура Жузуева 17 жашка чейинки спортчулар арасында, 61 кг чейин салмак даражасында күч сынашты. Бул категорияда жалпы 9 атаандаш чыккан. Кыргызстандык спортчу алгач польшалык Карина Лояничти 11:7 эсебинде жеңди. Андан кийин Финляндиянын спортчусун 7:0 эсебинде […]
Кыргызстандан Манзура Жузуева Швецияда уюштурулган эл аралык күрөш турниринин жеңүүчүсү болду. «Klippan Lady Open» турнири 14-февралдан тарта 16-февралга чейин өттү.
Манзура Жузуева 17 жашка чейинки спортчулар арасында, 61 кг чейин салмак даражасында күч сынашты. Бул категорияда жалпы 9 атаандаш чыккан.
Кыргызстандык спортчу алгач польшалык Карина Лояничти 11:7 эсебинде жеңди. Андан кийин Финляндиянын спортчусун 7:0 эсебинде утуп чыкты.
М. Жузуева жарым финалда польшалык Надия Кочиандан күчтүү болсо (3:1), финалда Германиянын спортчусу София Шварцты 4:2 эсебинде жеңди.
Муну менен Манзура Жузуева турнирдин жеңүүчүсү болуп, алтын медаль тагынды.



