
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат. Өткөрмө бекеттерде каттам 1-февралдан тарта кайрадан жанданып, кадимки тартипте иштеп баштайт. Ушул тапта Кытай Эл Республикасы өлкөбүздүн маанилүү өнөктөштөрүнөн [&h
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат.
Өткөрмө бекеттерде каттам 1-февралдан тарта кайрадан жанданып, кадимки тартипте иштеп баштайт.
Ушул тапта Кытай Эл Республикасы өлкөбүздүн маанилүү өнөктөштөрүнөн болуп, жалпы товар жүргүзүүнүн эң оорчундуу орунун ээлейт. Жакында эле кылым долбоору аталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштерине старт берилип, ага президент Садыр Жапаров өзү катышкан.



