
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү катары кармалган 63 жаштагы М.М. аттуу имам октябрда жашы жете электерге нике кыйгандыгы аныкталган. Аталган факт райондук милиция тарабынан каттоого алынып, сотко чейин өндүрүш иши башталган. Облустук милициядан Лейлек районунун аймагында жыл ичинде башка […]
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды.
Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү катары кармалган 63 жаштагы М.М. аттуу имам октябрда жашы жете электерге нике кыйгандыгы аныкталган.
Аталган факт райондук милиция тарабынан каттоого алынып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.
Облустук милициядан Лейлек районунун аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталгандыгын кошумчалашты.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



