
Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды. Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү […]
Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.



