
Депутат Миргүл Темирбаева баткендик эки жарандын саатты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоону өтүнөт. Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында ал бул электр энергиясын үнөмдөөгө алып келерин жана жарандардын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизерин белгиледи. Анын айтымында, сааттын жебелери 1924-жылдан бери 6 жолу жылган. «Учурда Кыргызстан UTC+6 географиялык убакыт алкагында турат. «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов жана тиш дарыгери Нурали Койлубаев UTC+5ке […]
Депутат Миргүл Темирбаева баткендик эки жарандын саатты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоону өтүнөт.
Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында ал бул электр энергиясын үнөмдөөгө алып келерин жана жарандардын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.
Анын айтымында, сааттын жебелери 1924-жылдан бери 6 жолу жылган. «Учурда Кыргызстан UTC+6 географиялык убакыт алкагында турат. «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов жана тиш дарыгери Нурали Койлубаев UTC+5ке өтүүнү сунушташкан. Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан бир саат алдыда», — деди ал.
Ал министрлер кабинетинен сунушту карап чыгып, жооп берүүнү суранды.



