
Бишкекте эркек киши 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу анын эжеси социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү. Маалыматка караганда, кол салуу 24-ноябрда саат 8:40та Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. «Сиңдим мектепке бара жатканда артынан бир киши келип, бадалдын арасына сүйрөгөн. Ал кыйкырып, жардам сураган. Бирок эч ким маани берген эмес. […]
Бишкекте эркек киши 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу анын эжеси социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.
Маалыматка караганда, кол салуу 24-ноябрда саат 8:40та Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.
«Сиңдим мектепке бара жатканда артынан бир киши келип, бадалдын арасына сүйрөгөн. Ал кыйкырып, жардам сураган. Бирок эч ким маани берген эмес. Анан адамдар өтө баштаганда ал коркуп кетип качып кеткен. Синдим 15 гана жашта. Ал шым кийип жүргөн. Муну жазганымдын себеби, айрымдар өзү күнөөлүү, кыска кийген да деп чыгышчу эле»,-деп жазган ал.
Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 24-ноябрда жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 09:53 чамасында Жибек Жолу менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек жээнине ыдык көрсөткөн жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.



