
Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге 2028-жылга чейин жолдомо берүүгө мораторий киргизди Профсоюздарга түшкөн акча санаторий, курорт, эс алуучу жайларды курууга жана оңдоого жумшалат. Бардык санаторий-курорттук объектилер убактылуу президенттин Иш башкармалыгына өтүп, капиталдык оңдоодон өтөт. Буга чейин президент профсоюз башчыларын кыргызстандыктардын эмгек акысынан чегерилген акчаны “жеп алгансыңар” деп айыптаган. “30 жылдын аралыгында 6,5 млрд сом […]
Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге 2028-жылга чейин жолдомо берүүгө мораторий киргизди
Профсоюздарга түшкөн акча санаторий, курорт, эс алуучу жайларды курууга жана оңдоого жумшалат. Бардык санаторий-курорттук объектилер убактылуу президенттин Иш башкармалыгына өтүп, капиталдык оңдоодон өтөт.
Буга чейин президент профсоюз башчыларын кыргызстандыктардын эмгек акысынан чегерилген акчаны “жеп алгансыңар” деп айыптаган. “30 жылдын аралыгында 6,5 млрд сом алыпсыңар, бирок 6 тыйындык имарат салып койгон эмессиңер. Силер башкарган санаторийлерде адам эмес ит дагы эс алгысы келбейт. Патриоттулук деген силерде нөл”, — деп сындаган Жапаров.
Булак: Суптник кж



