
2023-жылдын 23-ноябрында С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Улуу инсандардын насааттары” аттуу иш-чара өткөрүлдү.Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Джоробеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Эрнис Толтоев, ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, өздүк курамы, Ош облусунун аймагында жергиликтүү [&
2023-жылдын 23-ноябрында С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Улуу инсандардын насааттары” аттуу иш-чара өткөрүлдү.Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Джоробеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Эрнис Толтоев, ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, өздүк курамы, Ош облусунун аймагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун жана дин өкүлдөрү, спортчулар катышышты.Жолугушууда мамлекеттик катчы С.Касмамбетов: Бүгүнкү күндө жаштарга кандай тарбия бериш керек экендиги боюнча сөз сүйлөп, кеп-кеңешин айтып өттү.«Ата-бабаларыбыз жаштарды тарбиялоодо ар кандай маанидеги окуяларды айтып, ар кандай үлгүлөр менен улап, курап элге айты келишкен. Салт-санааларды, үрп-адаттарды үйрөтүп жатып, мына ушул окуялардын көрүнүшү улуттук идеялогиялык нак-насилдик указдардын өзөгүн түзүп жатат.Ошондой эле, жаштар өлкөнүн азыркысы жана келечеги. Жаңыча ой жүгүртүү, изденүү, жаратман, эмгекчил, сергек келечекке жоопкерчилик менен караган улуттун нарк-насилди алып жүргөн, улуттук маданиятты сүйгөн, мекенчил жаштардан болуп, татыктуу билим алуу менен мамлекетке кызмат кылып, эл журттун керегине жараган жаштарды тарбиялоо баарыбыздын милдетибиз жана парзыбыз»,-деди С. Касмамбетов.Мындан сырткары иш-чарада төмөнкүдөй маселелер талкууланды: аялдарга жана жаш балдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зордук зомбулук маселеси, кыз ала качуу жана эрте никеге туруу жана балдарды кылмыштуу чөйрөдөн тартуу, оолак кылуу маселеси.Бардык маселелерди талкуулагандан кийин катышуучулар ишмердүүлүктүн бардык деңгээлдеринде ишке ашыруу зарыл экендигин белгилешти.Аталган конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.





