
Бүгүн, 24-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунда ЖМКларды 7-ноябрь Басма сөз күнү менен куттуктоо аземи болуп өттү. Иш-чара алгач аэропорттун бир жылда жасаган иштери тууралуу атайын даярдалган тасманы көрсөтүү менен башталды. Тасмада аэропорттун кылган алгылыктуу иштери, канча жүргүнчүнү тейлегендиги жана бир катар келишимдер, оңдоп-түзөө иштери тууралуу айтылды. Андан соң «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов куттуктоо […]
Бүгүн, 24-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунда ЖМКларды 7-ноябрь Басма сөз күнү менен куттуктоо аземи болуп өттү.

Иш-чара алгач аэропорттун бир жылда жасаган иштери тууралуу атайын даярдалган тасманы көрсөтүү менен башталды. Тасмада аэропорттун кылган алгылыктуу иштери, канча жүргүнчүнү тейлегендиги жана бир катар келишимдер, оңдоп-түзөө иштери тууралуу айтылды.

Андан соң «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ЖМК өкүлдөрүнө ийгилик, маалыматтык тактыкты каалады.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң атайын фуршет уюштурулуп, журналисттер өз ара баарлашуу менен аяктады.










