
2023-жылдын 27-29-ноябрында Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинде “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” III Эл аралык конгресси өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу — Москва мамлекеттик лингвистикалык университети. Аталган конгресске кыргызстандын атынан атайын даярдалган делегация дагы катышат. Белгилей кетсек, III Эл аралык “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” конгрессине Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнөн улуттук делегациялар, ошондой эле Россиянын билим берүү уюмдарынын, илимий мекемелеринин жана [&hell
2023-жылдын 27-29-ноябрында Минск мамлекеттик лингвистикалык университетинде “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” III Эл аралык конгресси өтөт.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Москва мамлекеттик лингвистикалык университети.
Аталган конгресске кыргызстандын атынан атайын даярдалган делегация дагы катышат.
Белгилей кетсек, III Эл аралык “КМШ өлкөлөрүнүн тил саясаты” конгрессине Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнөн улуттук делегациялар, ошондой эле Россиянын билим берүү уюмдарынын, илимий мекемелеринин жана коомдук уюмдардын баяндамачылары катышат.



