
Бишкекте баңги затын ташыгандарды кармоо боюнча атайын операция болуп өтүп, борбор калаанын жогорку окуу жайынын студенттери КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалды. ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 17 жаштагы эки бала жана 18 жаштагы кыз психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелүүдө. Баңгизат ташыган делген курьерлер “Телеграмм” каналы аркылуу куратор делген адамдан заказ алышканы аныкталган. Алардын иши […]
Бишкекте баңги затын ташыгандарды кармоо боюнча атайын операция болуп өтүп, борбор калаанын жогорку окуу жайынын студенттери КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 17 жаштагы эки бала жана 18 жаштагы кыз психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.

Баңгизат ташыган делген курьерлер “Телеграмм” каналы аркылуу куратор делген адамдан заказ алышканы аныкталган. Алардын иши Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында «кыстармаларды» жүргүзүүдөн турган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери алардын мурунку кыстармаларынын жайгашкан жерлерин аныкташкан. 20дан ашык кыстармалар табылган. Кыстармалар термо-кичирейтилген, анын ичинде α-пирролидиновалерофенонго окшош өзгөчө жыты бар ак порошок түрүндөгү зат болгон.Алынган баңги затынын жалпы салмагы 24 граммды түзгөн.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) жана 180-беренеси (Баланы кылмыш жасоого тартуу) кылмыш иштери козголгон.

Кармалган 17 жаштагы жаран Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКтын Вознесеновка айылындагы №14 тергөө абагына, ал эми, ал эми 18 жаштагы кыз Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда «Tелеграмм» уюлдук мессенджери аркылуу жаштарды ишке тартып, “кыстарма” жүргүзүү катары иш менен камсыз кылып жаткан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Учурда тергөө иштери уланууда.



