
2023-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын аймактарынан келген жергиликтүү бийлик органдарынан райондун акимдеринин орун барсарлары, айыл өкмөт башчылары, милиция, УКМКнын кызматкерлеринин, райондук билим берүү, диний кызматкерлердин жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 жарлыгы менен кабыл алынган 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепц
2023-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын аймактарынан келген жергиликтүү бийлик органдарынан райондун акимдеринин орун барсарлары, айыл өкмөт башчылары, милиция, УКМКнын кызматкерлеринин, райондук билим берүү, диний кызматкерлердин жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 жарлыгы менен кабыл алынган 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 141 токтому менен бекитилген 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгесинде Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жана “Сейфорворулд” эл аралык уюмунун колдоосунда «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдардын менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.Аталган семинарда «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жана “Сейфорворулд” эл аралык уюмунун өкүлү Роберт Авазбеков бүгүнкү өткөрүлүп жаткан семинардын максаты жана коомдук алдын алуу борборлору менен жүргүзүлүп жаткан доолбор боюнча катышуучуларга маалымат берип тааныштырып өттү.Андан соң Кыргыз Республикасынын Дин иштери мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» деген темада баяндамаларын жасап, Кыргызстанда мамлекетибиздин диний саясаты жөнүндө кеңири маалымат берип, берилген суроолорго жооптор берилди.Ал эми Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын кызматкери М.Аманбаев тарабынан “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Азыркы учурда коомдого диний радикалдуу көз караштарга карта агартуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ролу ”, «Интернет жана социалдык тармактарда таратылып жаткан ар түрдүү чагымчыл, элди бөлүп жарууга багыталган диндер аралык, улут аралык касташууларды жайылтып жаткан чакырыктардын алдын алууда коомдук алдын алуу боборлорунун коомчулук менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди.Өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан семинарда каралып жаткан темалар өтө актуалдуу темалар экендигине басым жасап, өтө зарыл болгон маалыматтарды алгандыктарын билдирүү менен өздөрүнүн суроолорун берүү аркылуу маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерин билдиришти.Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдогу диний радикалдашуу, экстремизм жана терроризм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан катышуучулар канааттандыраарлык жоопторду ала алышты.Жалпысынан бул иш-чараларга 140 ашык катышуучулар катышып, аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан электрондук форматта даярдалган, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепче жана материалдар таратылды.



