
2023-жылдын 22-ноябрында ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өзү жетектеген кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде ИИМдин Ички аскерлеринин, атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын жана коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдын 10 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралып, приоритеттүү багыттары аныкталды. Ошондой эле, [&h
2023-жылдын 22-ноябрында ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өзү жетектеген кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде ИИМдин Ички аскерлеринин, атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын жана коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдын 10 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралып, приоритеттүү багыттары аныкталды. Ошондой эле, бул мезгил аралыгындагы ийгиликтери менен бирге кетирилген кемчиликтер дагы талданды.Жыйынтыктоочу кеңешмеде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов коомдук кырдаал тууралуу маалымат берди.“2023-жылдын 10 айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмдөрү тарабынан республиканын бардык аймактарында коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде мыйзамдуулукту сактоо, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Ошондуктан, алар укук бузуулардын алдын алууда, кылмыштарды аныктоодо жана бетин ачууда жакшы көрсөткүчтөргө ээ. Жыл башынан бери милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан укук бузуулар боюнча 57 мин 001 протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдар 83 млн 597 мин 500 сомду түзөт. Өндүрүлгөнү 66 млн 537 мин 752 сом.ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов өз созүндө видеокамералардын жардамы менен 2023 жылдын 10 ай ичинде 2408 кылмыш ачылып, издөөдө жүргөн 537 кылмышкер кармалып, дайынсыз жоголгон 95 адам аныкталганын билдирди. Ошондой эле коомдук жайлардагы 156 мушташ алдын алынган.“2023-жылдын 10 айында республика боюнча милициянын көчмө кабылдамалары менен 5248 ирет калк арасында иш алып барылган. Аларга 10751 атуул кайрылган жана 6822 арыз жана кайрылуулар түшкөн. Коопсуздук маселеси боюнча-617, башкалар-6205”,-деп билдирди Сталбек Рахманов.Жыйында талкууланган дагы бир актуалдуу маселе жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болду. ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов жеринде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасын берип, ар бир жетекчи жеке жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи.Иш-чаранын соңунда Октябрь Урмамбетов жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.



