
Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактарда Өзгөндө эркек кишинин бычылганы тууралуу маалымат тарап, бүгүн видеосу чыкты. Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот. Ош ОИИБ окуя тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди. 14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат […]
Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактарда Өзгөндө эркек кишинин бычылганы тууралуу маалымат тарап, бүгүн видеосу чыкты.

Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот.
Ош ОИИБ окуя тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди.
14-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында милицияга аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.
13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну 44 жаштагы жаранды чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада жаранга бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден-соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.



