
Буга чейин Нарын шаарында кызды чаап салган жигиттин видеосу тараган. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Нарын шаарынын тургуну 2003-жылы туулган К.А. чалып “Нарын шаарынын борбордук базарынан мен тааныбаган бир адам эч себепсиз уруп-сабап жатат деп билдирген”. Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнүн МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөгө […]
Буга чейин Нарын шаарында кызды чаап салган жигиттин видеосу тараган.
Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Нарын шаарынын тургуну 2003-жылы туулган К.А. чалып “Нарын шаарынын борбордук базарынан мен тааныбаган бир адам эч себепсиз уруп-сабап жатат деп билдирген”. Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнүн МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө, Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 2003-жылы туулган К. А.Н. 2023-жылдын 14-ноябрь күнү саат 10:40 чамасында “Чолук-Ата” соода борборунун ичиндеги РСК банкынан акча каражатын чечейин деп жаткан учурда кезек талашып жашы болжол менен 30 жаштардагы азият улутундагы эркек адам жаакка бир ирээт чаап, качып баратсам муштум менен башымдын оң тарабына чабып, дагы эптеп качып баратсам аркамдан кубалады, денеме жаракат келтирди, ушул адамды табып мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү сурайм – деген арызы менен кайрылган.
Азыркы учурда, арыз ээси А.Кга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Нарын ОБОнун Сынык жаракат бөлүмүндө дарыланууда, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат.
Кылмышка шектүү Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. болгондугу аныкталган, берген сурагы боюнча ал А.К. менен банкоматка кезек талашып кетип ооз эки уруша кетип уруп сабап жибергенин көрсөткөн.
Ошондой эле 03.12.2012-жылдагы МСЭКтин тактаманын негизинде С. у. Ж. “Легкая деменция при эпилепсии” деген диагноз коюлган.
Азыркы учурда КР КЖКнын 280-ст. 1-бөл. менен кылмыш иши козголуп,тергөө иштери уланууда.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Нарында кызга кол көтөргөн жаран кармалды



