
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады. Эр-Рияд шаарында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз Саммитинде сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Саммиттин маанилүүлүгүн айтып, Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек […]
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-ноябрда Сауд Аравия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады.
Эр-Рияд шаарында Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз Саммитинде сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Саммиттин маанилүүлүгүн айтып, Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтуларын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.



