
КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды.УКМКнын берген маалыматына караганда, ал өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн […]
КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган КР жараны М.А.Р. аныкталып, кармалды.УКМКнын берген маалыматына караганда, ал өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, б.а. “Фейсбук” социалдык тармагындагы фейк аккаунтун колдонгон.Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Р.нын жашаган жеринде 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды.Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.











