
Вице-мэр Максатбек Сазыкулов коомдук талкууда тарифти көтөрүүгө көпчүлүк макул экенин, бирок бир шарт коюп жатканын айтты. “Негизинен 50%дан көбүрөөгү колдоп жатат, бирок талаптары бар: коомдук транспорт тыгынсыз жүрсүн, таза болсун, орундар болсун, өз убагында келсин. Ошондой эле эртең мененки саат 5.30дан 23.00гө чейин жүрсүн деген шарттар айтылып жатат. Жарымынан көбү “биз негизинен каршы эмеспиз, бирок […]
Вице-мэр Максатбек Сазыкулов коомдук талкууда тарифти көтөрүүгө көпчүлүк макул экенин, бирок бир шарт коюп жатканын айтты.
“Негизинен 50%дан көбүрөөгү колдоп жатат, бирок талаптары бар: коомдук транспорт тыгынсыз жүрсүн, таза болсун, орундар болсун, өз убагында келсин. Ошондой эле эртең мененки саат 5.30дан 23.00гө чейин жүрсүн деген шарттар айтылып жатат. Жарымынан көбү “биз негизинен каршы эмеспиз, бирок шарт түзүп бергиле” деген ойлорун билдирип жатат”, — деди Сазыкулов.
Долбоор Бишкек шаардык кеңешине сунушталган. Учурдагы тарифтер 2021-жылдын сентябрында кабыл алынган. Азыр автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, маршруткада 15 сом.



