
Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүп шектүү жеңил жаза берүүнү суранган. «Бардык жагдайларды, тергөөдөгү бардык кемчиликтерди, мамлекеттик айыптоочу менен тергөөчүнүн ар кандай материалдарын эске алып, жеңил жаза берүүнү суранам»,— деген ал. Ал эми судья Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) 1, 3, 7, 12-пункттары боюнча күнөөлүү деп таап, […]
Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча соттук отурум өтүп шектүү жеңил жаза берүүнү суранган.
«Бардык жагдайларды, тергөөдөгү бардык кемчиликтерди, мамлекеттик айыптоочу менен тергөөчүнүн ар кандай материалдарын эске алып, жеңил жаза берүүнү суранам»,— деген ал.
Ал эми судья Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) 1, 3, 7, 12-пункттары боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын билдирди.
Ошондой эле сот шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинде (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салды.
Кечээ, 2-ноябрда прокурор Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурап, анын мүлкү конфискацияланып, өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп айткан.
Жабырлануучу тараптын адвокаты дагы айыпталуучуну өмүр бою кесүүнү сурап, 4 миллион 600 миң сом компенсация төлөп берүүнү талап кылган.
Видео спутник кж



