
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкекжылуулук тармагынын» 60 жылдыгы менен куттуктады:«Урматтуу «Бишкекжылуулуктармагы» филиалынын жалпы жамааты жанаардактуу тармактын ардагерлери!Сиздерди бүгүнкү «Электр станциялары» ААКтын филиалы«Бишкекжылуулуктармагынын» 60 жылдык маарекеси менен чын дилимденкуттуктайм!Алтымыш жыл аралыгында жылытуу системасын өнүктүрүү жолундакөптөгөн жумуштар аткарылып, ардагерлердин, кызматкерлердин таза, акниет эмгеги менен ушу күнгө жетип турабыз. Ишкан
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкекжылуулук тармагынын» 60 жылдыгы менен куттуктады:«Урматтуу «Бишкекжылуулуктармагы» филиалынын жалпы жамааты жанаардактуу тармактын ардагерлери!Сиздерди бүгүнкү «Электр станциялары» ААКтын филиалы«Бишкекжылуулуктармагынын» 60 жылдык маарекеси менен чын дилимденкуттуктайм!Алтымыш жыл аралыгында жылытуу системасын өнүктүрүү жолундакөптөгөн жумуштар аткарылып, ардагерлердин, кызматкерлердин таза, акниет эмгеги менен ушу күнгө жетип турабыз. Ишкананын баскан жолуна көзчаптырсак, «Бишкекжылуулуктармагынын» түптөлүшүнөн баштап, бүгүнкүкүнгө чейин ар кырдуу тепкичтерди басып өтүп, алгач жылуулуктармактардын цехи, кийин республикадагы ири жылуулук мененкамсыздоочу ачык акционердик коом катары уюштурулган.Фрунзе шаарында өнөр жай сектору, курулуш индустриясы жана көпкабаттуу турак үйлөрдү куруунун дүркүрөп өсүшү менен шаарды жылуулукэнергиясы, ысык суу менен камсыздоо маселесин чечүү зарылчылыгы келипчыгып, Кыргыз ССРнин «Кыргызбашкыэнергонун» 1963-жылдын 18-октябрындагы № 361 буйругу менен жылуулук тармактардын цехи «Фрунзерайонунун жылуулук тармактары» болуп кайра түзүлгөн. Ушу учурдантартып, ишкананын түзүлгөн күнү деп эсептелип келет.Бүгүнкү күндө, «Бишкекжылуулуктармагынын» жамаатынын такжана жогорку деңгээлде уюштурулган кызматы менен шаар тургундарынсапаттуу, үзгүлтүксүз жылуулук жана ысык суу менен камсыздап, калаанынжашоочуларына жайлуу жашоо тартуулап келесиздер. Сиздердинталыкпаган эмгегиңиздер менен, кыштын ызгаар суугунда, жайдын ысыкчилдесинде сыртта кызматыңыздарды аткарып, ар бир үйгө жылуулук алыпкелип жүрөсүздөр. Кызматыңыздар үчүн терең ыраазылык билдиребиз!Алдыда көптөгөн пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликтебагындырабыз деген үмүттөмүн.Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок энергетиктердинэлине кылган эмгеги зор. Мына ошол ак эмгек жана адал ишиңиздер калккажылуулук тартуулап жатасыздар.Жалпы жамаатка бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздергеийгиилик каалайм! «Бишкекжылуулуктармагы» жаңыланып, мындан ары даөнүгүп, өсө берсин демекчимин!»,-деген министр.



