
2023-жылдын 27-октябрында саат 15.30дар чамасында бензовоз Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан учурда кулап кетип, күйүп баштагандыгы кабарланган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Д.Шамшиев бензовоздун айдоочусуна өрттөн […]
2023-жылдын 27-октябрында саат 15.30дар чамасында бензовоз Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан учурда кулап кетип, күйүп баштагандыгы кабарланган.
Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Д.Шамшиев бензовоздун айдоочусуна өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам бергенде алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалыматты Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. «Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жандарын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыздын бирөөсү 30 жаштагы терөөчү О.Акуналиевтин абалы оор бойдон ооруканада. Ал эми милициянын ыкчам кызматкери Д.Шамшиевтин денеси өрттөн көп жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болду.Баткен милициясы бул кабарды угуп кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Орозмамат Акуналиевтин абалы турукташып, саламаттыгын бекем болушун тилейбиз. Эр жүрөк Дилмураттын жаткан жери жайлуу болсун деп дуба кылып, жакындарына көңүл айтабыз«,-деп айтылат маалыматта.



