
Депутат Максатбек Сарбагышев Жогорку Кеңештин жыйынында ооруканада лифт иштебей калгандыктан комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүшкөнүнө күбө болгонун, аны видеого тартып алганын айтты. “Кечээ Нейрохирургия бөлүмүндө отурсам больнойду реанимациядан чыгарып операцияга киргизиш үчүн 2-этаждан 1-этажга көтөрүп түшүштү. Ошол 10 мүнөттүн ичинде өлүп калса эмне болот”, — деди. Депутат дарылоо кымбат болуп, бирок шарт түзүлбөй жатканына […]
Депутат Максатбек Сарбагышев Жогорку Кеңештин жыйынында ооруканада лифт иштебей калгандыктан комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүшкөнүнө күбө болгонун, аны видеого тартып алганын айтты.
“Кечээ Нейрохирургия бөлүмүндө отурсам больнойду реанимациядан чыгарып операцияга киргизиш үчүн 2-этаждан 1-этажга көтөрүп түшүштү. Ошол 10 мүнөттүн ичинде өлүп калса эмне болот”, — деди.
Депутат дарылоо кымбат болуп, бирок шарт түзүлбөй жатканына нааразы болду. Ошондой эле ал Медициналык камсыздандыруу полисин алуу боюнча элге маалымат жетпей, ооруканага келгенде мурда 2800 сом төлөнсө азыр 14 миң сом талап кылып жатышкандыгын баса белгиледи.



