
Жыл сайын, 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бүгүн, ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп, ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басарлары, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ошондой эле ардагерлер жана ИИМдин өздүк […]
Жыл сайын, 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Бүгүн, ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп, ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басарлары, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ошондой эле ардагерлер жана ИИМдин өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң борбордук аппараттын кызматкерлерине жана чакырылган конокторго Кыргыз милициясынын күнүнө арналган слайд-шоу көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
ИИМдин өздүк курамы жана жеке өзүнүн атынан ал укук коргоочуларды, аскер кызматкерлерин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгы менен куттуктады.
“ Кылым босогосунда турган Кыргыз милициясынын тарыхында канчалаган окуялар орун алып, эр жүрөк кызматкерлерибиз, тажрыйбалуу ардагерлерибиз нечендеген тарыхый окуяларга күбө болушкан! Улуу инсандарыбыздын баскан даңктуу жолдорун, алардын иштеген иштерин сапаттуу улантып келе жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүн да сый урматка татыктуу деп эсептеймин.
Өлкөбүздүн келечеги үчүн бардык сыноолорду жана кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылып келе жаткан ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин кызматкерлери – бизге тагылган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга, зарыл учурда өз өмүрүбүздү да аябастан кызмат кылууга даярбыз деп ишенем.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл менен биримдикте жана ынтымакта биргелешип, укуктук демократиялык мамлекетти курууга, өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулуктун сакталышына жан аябастан тер төгө иштеп келе жатасыздар.
Милиция кызматкерлеринин ишмердигинде чынчылдык, берилгендик, кайраттуулук, баатырдык, ыкчамдуулук – бул ички иштер органдарына гана тийиштүү асыл сапаттар деп эсептеймин.
Милициянын сапаттуу ишмердүүлүгү – бул биздин өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептеле тургандыгын белгилеймин”-деди, ички иштер министри.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн КР ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев: “Милицияда иштөө дайыма тобокелчилик жана коркунуч менен коштолот. Бул кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Кызмат өтөө учурунда биздин кызматкерлер эң оор кылмыштар менен күрөшүүгө туура келет. Сиздин эмгегиңиз урматтоого, ыраазычылыкка жана колдоого татыктуу. Сиздер күн сайын өлкөнүн бейпил жашоосун камсыз кылууга чоң салым кошуп келесиздер”, — деди Садырбек Дубанаев.
Ошондой эле, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев өз сөзүндө: “Кыргыз милициясынын 99 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарын чыңдоо, өркүндөтүү, ошондой эле мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кошкон салымыңыз жогору баага татыктуу. Ар бириңиздердин кызматтык тажрыйбаңыздар жаш муундарга үлгү болуп келүүдө. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана ар дайым эл сыйлаган кадырлуу инсандардан болууңарга тилектешмин” -деди, ал.
Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.



