
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 25-26-октябрында Талас жана Бакай-Ата райондорунда мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлери үчүн, орто мектептер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондордун жергиликтүү Кеңештеринин депутаттары үчүн терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча тарбиялык жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.Иш-чаранын максаты диний чөйрөдө орун алган көйгөйлөр, алардын
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 25-26-октябрында Талас жана Бакай-Ата райондорунда мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлери үчүн, орто мектептер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондордун жергиликтүү Кеңештеринин депутаттары үчүн терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча тарбиялык жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.Иш-чаранын максаты диний чөйрөдө орун алган көйгөйлөр, алардын келип чыгуу себептери, анын ичинде айрым динге ишенгендердин ЭТУ/ДЭУнун катарына кошулуу фактылары, ошондой эле алардын алдын алуунун мүмкүн болгон жолдору тууралуу маалымат берүү болду.Баяндамачы катары облустун казысы Узеналиев С., ошондой эле КР Мусулман Уламалар кеңешинин мүчөлөрү Данияр Мурадилов, Мирзат Барпыбеков чакырылды.Бул диний ишмерлер иш-чаранын катышуучуларына диний терроризм жана экстремизм түшүнүктөрүнүн пайда болушунун себептери, алардын ислам дининин окууларына кескин карама-каршылыктары, Куран окууларынан керектүү үзүндүлөрдү колдонуу менен ар кандай ЭТУнун жана ДЭУнун даярдалган эмиссарлары тарабынан динге ишенгендердин аң-сезимин идеологиялык манипуляциялоо маселелери тууралуу айтып беришти.Ханафи мазхабы жана Матуриди Акыйдасы Кыргыз Республикасынын калкына эң ылайыктуу жана элибиздин үрп-адаттарына, каада-салттарына туура келери айтылды.Ошондой эле масхаб жана акыйда түшүнүктөрү, алардын пайда болуу жана дүйнөгө таралуу тарыхы, мааниси, айырмачылыктары боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Чогулгандар ар кандай диний агымдар менен секталардын айырмачылыктары тууралуу да маалымат алышты.



