
Москвада Борбор Азиядан барган трансвестит-сойкулар жайгашкан сойкукана аныкталгандыгын орусиялык басылмалар жазды. Басылмалардын маалыматына караганда, ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандан барган трансвестит мигранттар сойку болуп иштешкен. Учурда аталган жерде укук коргоо кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз мекемени уюштурууга тиешеси бар адамдар да аныкталууда. «Ошондой эле мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүүсү текшерилет»,-деп айтылат маалыматта. Эске салсак, Москва об
Москвада Борбор Азиядан барган трансвестит-сойкулар жайгашкан сойкукана аныкталгандыгын орусиялык басылмалар жазды.
Басылмалардын маалыматына караганда, ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстандан барган трансвестит мигранттар сойку болуп иштешкен. Учурда аталган жерде укук коргоо кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз мекемени уюштурууга тиешеси бар адамдар да аныкталууда. «Ошондой эле мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүүсү текшерилет»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Москва облусунда полиция трансгендер мигранттарды кармаган окуя тууралуу кабарланган. Өзбекстандын үч тургуну жумуш берүүчүнүн үйүн тоноп, жынысын алмаштырып, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан. Өч алуу үчүн транссексуалдар анын паспортун, фотоаппаратын жана төрт Чихуахуасын уурдап кетишкен.



